Министр Бороновдун билбегени жок...

Обратите внимание на дату публикации.

ӨКМ министри Кубатбек Боронов бүгүн ЖКнын жыйынында ар бир мамлекеттик кызматта иштегендер бир күндүк маянабызды Ошто жабыр тарткандарга жиберели деген сунушун киргизди эле Премьер-министр колдоого алды.

“эч кимди кыйноонун кереги жок кыргыз үчүн күйгөн ар бир жаран өз эркине жараша кааласа бир күндүк маянасын өткөрүп берсин. Эгер каалабаса кыйнабайбыз” дейт министр мырза.

Кыргыздын башына түйшүк түшүп турганда оперативдүү иштей билген Бороновго окшогон жетекчилер турганда эл кайгысын жалпы мамлекет тең бөлүшөт деген ойдобуз.

Эске салсак, 17-18 ноябрь күндөрү Ошто күчү 7 балга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен жүздөгон турак жайлар, ондогон мамлекеттик обьектилер жапа тарткан.

Источник: Fakt.kg