Адвокат №1 СИЗОдо ИИМдин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси А.Акжоловду сабоо жана кыйноо болуп жатканын билдирди

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Адвокат Номанжан Аркабаев, №1 тергөө абагында кармалып жаткандарды кыйноо жана сабоо фактылары болуп жатканы жөнүндө билдирди.

Н.Аркабаев 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 СИЗОдон качып чыгып, кийин кармалышкан эки камактагынын – Музаффар Уринов менен Болот Курбанахуновдун кызыкчылыктарын коргойт.

Бүгүн, 17-ноябрда «№50 СИЗОдон качуу, аракеттер жана укуктук кесепеттер. Версиялар» аталышындагы кереге маекте адвокат, анын коргоого алган адамдары оң көрсөтмө бериши үчүн №1 СИЗОдо катуу кыйноолорго кабылып жактанын айтты.

Ошондой эле, анын айтымында, ал ИИМдин 9-Башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдували Акжоловду көргөн. «4-5 күн мурун мен Уринов менен Курбанахуновго баргам, Акжоловду көрүп жаман абалда калдым. Ал көптөгөн кыйноолор, ур-токмоктордон улам өзүн кандай алып жүрөт, кантип сүйлөп жатат, адекваттуу эмес. Акжолов мародерлук фактылар жөнүндө көп маалымат билчү», - деди Н.Аркабаев.

Качуу жөнүндө айтып жатып, адвокат №50 СИЗОдо кармалып жаткандарды жок кылууга Ак үйдүн 7-кабатындагы аткаминерлерден буйрук болгон деген ойдо экенин билдирди. «Бул окуяларды иликтеп жатып, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот – качуу Ак үйдүн 7-кабатынын демигеси менен уюштурулган. №50 абактагыларды жок кылууга буйрук берилген. Муну менен бийлик мародерлук менен байланшыкан бардык издерди жок кылууну каалаган болушу мүмкүн», - деп кошумчалады Аркабаев.

Источник: Баракелде-Турмуш