Бишкек, "Саясат.kg". Коомчулукта пайда болуп аткан биометрикалык каттоодон өтүү жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудурат деген пикирлерге биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “силердин өздүк маалыматыңарды тескери максатта колдонууга кызыкчылык деле жок ”, - деп жооп берди.
Ош шаарынын активисттери менен жолугушуу учурунда Т. Сарпашев: “Жумушта, коомдук тамактануу жайларында, жүргүнчүлөрдү ташыган унааларда манжаңардын изи кармаган жерлерде калып кетип атпайбы. Анда манжаңардын калып аткан изин ким бирөө бузук максатына колдонуп салышы мүмкүн экендигин ойлоп да койбойсуңар. Чынында аны колдонуунун эч кимге кереги деле жок. Биометрикалык маалыматы уурдалып кетет деп коркуп аткан жарандарга айтаарым, бул эч кимге зарыл эмес. Маалыматтардын борбордун базасы бекем сакталат”, - деди.
“Манжанын изин алуу эле айрым жарандарда коркунуч пайда кылат. Мисалы, кылмышкердин гана манжасынын изи алынат деген түшүнүк калыптанып калган. А бирок, мындай нерсе бир гана Голливуд тасмаларынан кездешет. Кечээ күнү Исфана шаарында бир жаш жигит “көркөм тасмаларда көрсөткөндөй болуп биометрикалык каттоодон өттүм деп айтып атат”, - деп Голливуд тасмаларынын биометрикалык каттоого тийгизген таасирин белгилеп өттү.
Айтымында авгус айынын аягына дейре, өлкөнүн ар бир айыл-кыштагында биометрикалык каттоо жүрөт. “Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биометрикалык каттоо боюнча элге жеткиликтүү түшүндүрмө берүүңөр керек”, - дейт ал. “Биометрикадан өтпөсөн, коомдук тамактануу жайларга да кирбе, коомдук унаага да түшпө...”.