Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп баллды Вадим Курочкин алды

Автор: Салават Адилова
Маалымат.КГ Маалымат.КГ
Обратите внимание на дату публикации.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп балл топтогон Бишкектеги №61-физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Вадим Курочкин болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Жалпы республикалык тестирлөөдөн 236 упай алган.

"Чынын айтсам мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Биздин мектеп дайыма онго чукул алтын сертификат алат, бирок алардын ичинен меники эң көп упай болот деп ойлогон эмесмин.Менин бир топ классташтарым 230-235 упай алышты, ошондуктан айырма чоң деле эмес",- деди Вадим.

Белгилей кетсек, бул жылы ЖРТга катышкан окуучулардын саны былтыркыга караганда көп болгон. Ошондой эле босого балл болгон 110 баллдан өйдө упай топтогондордун аны да көп.

Источник: Мaalymat.kg