ЖРТдан 110 балл албагандар ЖОЖдорго өтө албайт

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тест сынагында 110 баллдан аз эмес алган абитуриенттер гана жогорку окуу жайларына тапшыра ала турганын эскертүүдө.

Министрлик жыл башында эле жогорку окуу жайларына кабыл алууда босого чек болуп 110 балл коюлганын билдирген. Бул чек бардык окуу жайлар үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары үчүн бирдей күчкө ээ. Бюджеттик да, контракттык бөлүмдөргө тапшыруу да ушул эреже менен жүрөт.Ал эми жождорго тапшырууда предметтик балл мурдакыдай эле 60 балл денгээлинде калган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ЖРТнын тест сынагы бүтүрүүчүнүн мектепте алган билимин колдоно билүү деңгээлин аныктайт.

“Биз абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин алдабашыбыз керек. Эгер бүтүрүүчү ЖРТдан 110 баллдан төмөн алып калса, бул тест тапшырган адамдын үч деген баа алганын көрсөтөт. Жалпы республикалык тестирлөө системасы баланын жогорку окуу жайда окууну улантып кетүү жөндөмүн көрсөтөт. Мурда министрлик босого баллды азайтып, кээ бир мамлекеттик университеттерде орундарды толтурууга аракет кылчу, бирок жыйынтыгында сапатынан аябай эле жоготчу”,-деп айтылат аталган министрликтин билдирүүсүндө.

Источник: BBC. Kyrgyz kyzmaty