Парламентте Э.Байсалов менен Т.Исмаилованын бейөкмөт уюмдары улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканы айтылды

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде - Депутат Турсунбай Бакир уулу («Ар-Намыс») Эдил Байсалов менен Төлөйкан Исмаилованын бейөкмөт уюмдары Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат деп эсептейт. Ал мындай пикрин бүгүн, 27-майда парламенттин отурумунда билдирди.

Чет элдик тыңчылар жөнүдөгү мыйзам долбоор талкууланып жаткан кезде, депутат Равшан Жээнбеков демилгечилердин бейөкмөт уюмдар улуттук коопсуздукка кооптуулук жараткан фактылары бар же жок экендигин сурады.

«Ооба мындай бейөкмөт уюмдар бар. Мисалы Эдил Байсалов менен Төлөйкан Исмаилованын уюмдары. Башкалар да бар. Эгер мага ишенбесеңиздер ютубка кирип Э.Байсаловдун сүйлөгөндөрүн көрүңүздөр», - деп жооп берди депутат Бакир уулу.

Источник: Баракелде