Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн социалдык фондуна 30млн. доллар бөлүнгөн

Обратите внимание на дату публикации.

 

«Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн социалдык фонду керектеген каржаттын өз максатында колдонулган – колдонулбагандыгын Эсептөө палатасы текшерүүдө. Болбосо, буга  чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, ошол  фонддогу каражаттар оңду-солду сарпталып, кумга сиңген суудай табылбай кала берген. Ошондуктан, Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн социалдык фондунун ишин көзөмөлгө алган байкоочулар кеңешинин курамын кайра карап чыгуу зарыл», - деп депутат Максат Сабиров "Парламент" радиосуна берген маегинде билдиргендигин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

2008-жылы Ысык-Көлдө чакан кайра иштетүүчү ишканаларды уюштуруу иштери жолго коюлсун, кайтарымдуу иштердин катары артсын деген максатта Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн социалдык фонду түзүлгөндүгүн эске салган депутат Туратбек Мадылбеков ушул фондго баш – аягы 30 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнгөндүгүн кошумчалады.

Депутаттын пикиринде, «Кумтөрдөн» түшкөн каражаттын белгилүү бир бөлүгү Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн социалдык фондуна чегерилип жатса да ал каражат бир гана Ысык-Көл аймагынын эле муктаждыктарын чечпестен, республиканын башка региондорунун дагы керегине жарагандай болушу керек, себеби бул жалпы мамлекеттин байлыгы.

Источник: Kyrgyztoday