-- Казино жабылганга чейин казино бүжетке жылына 11-12 (900 000 000 сомдой азыркы курс менен, ал учурда 550 млн сом болгон экен) млн доллар төгүп турган.
-- Чет өлкөлүк коноктор бир дагы казинонун конокторунан 1% дан да ашкан эмес.
-- Бир казино залды кармаш үчүн казинонун ээси казинодо иш жүрсө да жүрбөсө да 350-500 миң доллар сарптап турат ай сайын.
-- Кедей казино ойной албайт, бирок казинонун аныктамасы кеңейип, оюн автоматтары мыйзамдашып кала турган болсо трагедия ошондо башталышы мүмкүн. Казиного кирүү акысы өзү эле 100-500$ турат, ошого казиного карапайым эле эмес, орто класс кыргыз деле кирбейт дешет, ал эми оюн автоматтарында 200, 500 сом сайып деле ойноп отура берсе болот экен. Ошондуктан, оюн автоматтарынан коркуш керек дейт.
-- 3500-4300 дөй киши казинодо иштеген.
-- Казино мыйзамдагыдай иштеши үчүн бирөө ай сайын кытайлар менен индустарды биринчи кезекте пачкалап учак менен чартер рейстери менен Кыргызга ташып, бир казиного жок дегенде 1 млн доллар уткуздуруп туруш керек экен.
-- Кыргыз казинонун келечегине ишенбей турушат экен. Анткени, жогоруда айтылгандай 1% га жетпеген чет өлкөлүк кардарлар менен бир казино кирешени коюп, банкрот болуп калбаш үчүн гана айына 500$ миң долларды жаба албай калуу коркунучу чоң дейт.
-- Профессионал оюнчулар болот экен, алар биз жумушка чыккан сыяктуу эрте менен казиного келип кечке ойношот экен. Аларда акыл да, интуиция да иштейт, алар, негизинен, утуп, казинодорду банкрот кылган кишилер болот дейт. Аларды билип калгандан баштап киргизбешчү экен.
-- Кыргызда казино доорун сүрүп аткан учурда, казинолордун негизги кирешеси оюн автоматтарынан түшүп турган, чет өлкөлүк казино оюнчуларынан да, жергиликтүү казино оюнчуларынан да эмес.
-- Чет элдиктер 1% га жетпесе бу жолу да, анда бүжетке 1 млрд сом түшпөйт такыр. 10-100 млн сом түшүшү мүмкүн, бирок ким 10 млн сом киреше үчүн тобокелдик кылып казино ачат Кыргызда?
Баса, бир чоң казиночунун айтымына караганда ал өзү деле казино ойношту билбейт экен, покер эмне, руллет эмне жакшы деле билбейм дейт. Болгону казино бул жакшы менеджмент, команда күчтүү болсо иштетип кетсе болот дейт. Ал өзү болсо, бу жолу казино бизнеске кайра кирбейм эми дейт.