«Эт 600, өсүмдүк майы 170, кумшекер 105 сом». Депутат кымбатчылык басканын айтты

Бизди кымбатчылык аябай басты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Коргонбай уулу Жусупбек айтып чыкты.

«Мисалы эттин баасы 600 сомдон ашты. Өсүмдүк майы 1 литри 160-170 сом, кумшекер 105 сом, сүт 70 сомдон ашты. Кымбатчылык боюнча өкмөт иштебесе болбойт. Биздин өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө шарт түзүшүбүз керек», — деди депутат.

Источник: serep.kg