Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну кайрылды.
Окурман көчөдөгү жарык чырактары күндүз өчүрүлбөй турганына наарызы болуп, үнөмдөсө деген оюн билдирди.
"Шаардагы көчөдө электр жарыгы күндүз дагы өчүрүлбөй жатат. Электр энергияны үнөмдөөгө чакырып койгула", - дейт тургун.