Оң рулдуу унаалар: арзан, бирок азабы көппү?

Автор: Элеонора Сагындык кызы
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы

Кыргызстанга оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө кайрадан уруксат берилиши мүмкүн. Жогорку Кеңеште тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Кыргыз өкмөтү бул демилгени колдогон жок. Өлкөдөгү оор жүк ташуучу айдоочулар да ага каршы чыгууда.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери өлкөдө унаалардын баасы орточо эсеп менен 2000 долларга чейин кымбаттады. Мунун себеби - өлкөгө сырттан ээн-эркин машина ташууга мүмкүн болбой калды.

Ошентип, рынокто жеңил транспорт таңкыстыгы жаралды.

Автомобиль базарындагы кризисти чечүү үчүн айрым депутаттар “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү сунуштап жатышат.

“Бул жерде машиналардын баасы биринчи кезекте роль ойноп жатат. Биз ЕАЭБге мүчө болгондон бери башка жерден машина ташып келүүнүн бажы төлөмдөрү өтө чоң болуп, машина кымбат болуп атат. Биздин жарандар жалаң Россия, Казакстандан же Армения менен Абхазиядан чириген, эски, сапатсыз машиналарды алганга мажбур болуп атат”,- дейт депутат Марлен Маматалиев.

Кыргызстанда оң рулдуу машиналарды алып кирүүгө 2015-жылы бөгөт коюлган, бирок ага карабай, андай унаалар дале көмүскө киргизилип жатканы айтылат.

Ушу тапта Кыргызстанда 1 миллион 103 миң 445 жеңил машина катталган. Анын 189 миң 127си оң рулдуу унаалар.

Оң рулдуу унаага тыюу салынганы, өлкөдө андай машиналар саны 3 миң 791ге азайган.

Тилек Исаев, Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалымат катчысы:

“2014-жылдан бери орун алган жалпы жол кырсыктарынын санын ала турган болсок, оң рулдуу унаалардын күнөөсүндө болуп, оор кесепеттерди алып келген жол кырсыктары 25% түзөт”.

Статистика көргөзгөндөй,  оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктарынын көбү айдоочулардын алдыдагы машиналарды ашып өтөм дегенинен  орун алат.

Темирбек Шабданалиев - Жүк ташуучулар коомунун төрагасы. Ал буга чейин оң рулдуу унаалар кириптер болгон жол кырсыктарынын илимий анализине да катышкан.

“Оң рулдуу унаалар төрт-беш эсе көп жол кырсыгына кабылат. Кесепети да оор болот. Каза болгондор көп болуп, жарадарлары майып болуп калып атат. Бул унаалар катышкан кырсыктардын 99% оң рулдуу унаалар алдыда келе жаткан чоң машиналарды көрбөй алдыга чыга калып, сүзүшкөндөргө туура келет”, -деди логистика боюнча эксперт Темирбек Шабданалиев.

"Оң рулдуу машиналардын фаралары заводдон эле оң тарапты көздөй багытталат. Аны оңдогонго Кыргызстанда бир да авто оңдоочу жер жок. Түн ортосунда жол жүрүп келе жатсаңыз, алдыдан чыккан оң рулдуу унаа көзүңүздү уялтат. Эмне эле мынча машина фаралары чагылышат деп изилдесек, ошол машиналардын баары оң рулдуу болуп чыкты", -дейт Шабданалиев.

Ал оң рулдуу унааларга такыр эле бөгөт коюу менен жол кырсыгы эле эмес, Бишкектеги тыгын маселесин да чечип алса болот деген пикирде.

Бирок кымбатчылык шартында карапайым жарандар оң рулдуу унааларга уруксат берүүнү туура көрүп жатышат.

Жыргал Бишкекте такси айдап акча табат. Соңку жылдары машинасы улам бузула берип, жаңысын алууну көздөп келет.

Бирок ал эски, оң рулдуу машинасын сата албай жатат: “машинамды жаңылайын дегем, бирок азыр эми бул оң рулдуулардын баасы түшүп кетти да. Жаңылары, сол рулдуулары кымбат. Ушинтип тапкан акчамдын бир бөлүгүнө ремонт жасап айдап жүрөм. Анан эмне кылам?”.

Деген менен көп жылдардан бери Кыргызстандан жол кырсыктарындагы адам өлүмүнүн саны боюнча Борбор Азия эле эмес, КМШ өлкөлөрү ичинен да алдыда келе жатат.

Орточо эсеп менен өлкөдө күнүнө үчтөн адам кандуу жолдон өз ажалын табат.

Источник: BBC. Кыргыз кызматы