Назира Айтбекова: Атамбаевди жакшы көрөм

Обратите внимание на дату публикации.

Мындай пикирин алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жене Фейсбук баракчасына жазды:

«Ушул кишини жакшы көрөм! “Атамбевчил” дешет. Дей беришсин! Бул киши башыбызда турганда эч ким бизге духу жетчү эмес. Өйдө карап сүйлөчү эмес. Журт атасы бар экени байкалчу. Ушул кишинин убагында эле тынч жашаганбыз! Жакшы көрөм! Балдарынын тартиптүүлүгүн, адамгерчилигин,кичипейилдигин, билимин, акылын көргөндө андан бетер жакшы көргөм. Балдары бийликке келгенде сүйүнгөн биринчи ажо да эй! Не бир калп айталы! Калыстык керек! Мага окшоп балп этип “лишний” сүйлөй бергени да жагат!  Ушул кишинин “дакансасы” болсомбу деп коем кээде! Темирлан менен Кадырдын күйөрманымын бирок. Ушул эки дос Кыргызстанды башкарса , каршы эмесмин!»-деп жезды ал.

Источник: Argument.kg