Учурда Кыргызстандын аймагында 1300 жаш бала коронавирустан дарыланып жатат. Бул маалыматты Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун ара жана жаңы төрөлгөн балдардын патология бөлүмүнүн жетекчиси Сагын Абдувалиева радионун эфиринде билдирди.
Анын маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирустан 15 жаш бала көз жумган. Алардын ичинде 1 жашка чийинки 11 бала бар. Омикрон-штаммын жаш балдар бат жуктурушу ыктымал экенин да кошумчалады.