ЭЛДИК КАБАР: "Быйыл былтыркыга караганда мал арзан, бирок эттин баасы кымбат бойдон калууда" дейт окурман

Обратите внимание на дату публикации.

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман учурда мал арзан болгону менен эттин баасы кымбат болуп жатканын айтты.

"Мал базарларда былтыркыга салыштырмалуу быйыл мал арзан болууда. Ал эми эттин баасы арзандабай эле сатылууда. Эттин баасын арзандатышса болобу?

Былтыр 15 -17 миң сомго сатылчу койлор быйыл 12-14 миң сомго сатып алса болот. Уйлар болсо былтыркыга салыштырмалуу 8 миңден 12 миң сомго чейин арзандаган. Этти болсо 1 килограммын 450-490 сомго алабыз", - деди окурман.

Источник: Super.kg