Бишкектеги адам өмүрүн кыйган лифт: Жаңы маалыматтар

Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы бүгүн, 13-январда жыйынга чогулду. Анын жүрүшүндө «Бишкек шаардык лифт» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Майрамбек Саманчиев адам өмүрүн кыйган лифттеги кырсык тууралуу маалымат берди.

  • «Маркумдун жубайы окуя тууралуу саат 11:00 — 12:00 аралыгында маалымат берди. Лифт 4-кабаттан жогору тарапта токтогон. Ал жерге барган лифтер маркумдун башы менен бир буту кабинанын ичинде экенин көргөн. Ал бөлүмгө барып, жабдыкты (рубильник) өчүргөн. Андан кийин электромеханик барып, экөө биргеликте кабинаны түшүрүп, ичиндеги жабырлануучу менен жаш бала салынган кол арабаны сыртка чыгарышкан. Ошол учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жеткен», - деди Саманчиев.

    Анын маалыматы боюнча, лифт жарактуу абалда жана 320 кг жүктү көтөрө алат. Самарканддагы лифт куруу заводунда 1986-жылы чыгарылып, пайдаланууга 1987-жылы берилген. Бул лифт 2021-жылдын ичинде 2 ирет калыбына келтирилген.

Источник: Баракелде