Казакстандагы башаламандыктардын чыгымы 241 млн долларга жетип калды

Нааразычылык акциясы менен башталып, башаламандыктар менен коштолгон Казакстандагы тополоңдун кесепетинен келтирилген чыгым 104 млрд тенге же 241 млн долларга жетти. 12-январга карата мындай маалыматты «Zakon.kz» жарыялаган.

Өлкөнүн 11 аймагында 1615 ишкерлик субъектиси жабыркаса, анын ичинен 1 506 субъект Алматыда.

Жабыркаган тармактар:

- соода — 1 482;

- коомдук тамактануу жайлары — 44;

- финансылык тармак— 61;

- логистика — 23;

- жалпыга маалымдоо каражаттары — 5.

Источник: Баракелде