ЖКда бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар тобу түзүлдү

29 декабря 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңеште бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар «Элдик топ» тобун түздү.

Депутат Тазабек Икрамов (№13 Сузак округу) АКИpress агенттигине билдиргендей, депутаттык топту Акылбек Түмөнбаев (№35 Ак-Суу округу) жетектеди.

Бул топко канча депутат жана кимдер киргени азырынча белгисиз.

Буга чейин бир мандаттуу округдардан 18 депутат «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясына киргени маалымдалган.

Источник: Баракелде