Алматыда жаңы жылдык салют атылбайт

29 декабря 2021
Версия для печати

Алматыда жаңы жылдык жаңы жылдык салют атуу пландалган жок, деп билдирет «Tengrinews.kz».

Шаардык маданият башкармалыгы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу 31-декабрдагы майрамдык салюттар атылбай турганын билдирди.

Алматыда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча шаардык штаб эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жана жарандардын массалык чогулуштарда илдетти жугузуп алуу учурларын алдын алуу үчүн 31-декабрда Алматыда майрамдык фейерверк өткөрүлбөй турганын тастыктады.

Жаңы жылга карата Нур-Султан шаарында да фейерверк атылбай турганы белгиленди.

Источник: Баракелде