Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары алгачкы жолу жыйынга чогулууда.
Ак Үйдүн алдында журналисттер депутаттарды тосуп алып, суроолорду берип жаткан кези. Анда "Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка аттанган Динара Ашимова унаасы тууралуу айтып берди.
"Унаамдын үлгүсү Rover work. Баасы 16 миң доллар турат. Алганыма 2 жыл болду. Мен буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Өзүмдүн жеке бизнесим бар.
Ант берүү аземине даярдыктар жакшы.
Стартегиялык чечимдерди көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун киргизебиз. Эң чоң көңүлдү экологияга бурам", - деди ал.
Белгилей өтсөк, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн.