Россияга кирүүдөгү жаңы эрежелер

28 декабря 2021
Версия для печати

2021-жылдын 29-декабрынан тарта Россиянын аймагына эмгектенүү максатында кирген чет өлкөлөрдүн жарандары 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул Кыргыз Республикасынын жарандарына да тиешелүү.

Ошондой эле манжа изин алуу, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жана сүрөт процедурасы да милдеттендирилет.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, чет өлкөлөрдөн барган мигранттар баңги каражаты, жугуштуу ооруларга (ВИЧ-инфекция) байланыштуу текшерүүдөн өтүшөт. Тактап айтканда, фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-нарколог кароодон өткөрүшү керек. Текшерүү дактилоскопиялык каттоого чейин аякташы зарыл.

Источник: Баракелде