Биринчи май райондук соту мурунку депутат Алмазбек Баатырбековго карата өкүм чыгарды

28 декабря 2021
Версия для печати

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 24-декабрындагы өкүмү менен Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

А.Баатырбековго 2800 (эки миң сегиз жүз) эсептик көрсөткүчтө, башкача айтканда, 280 миң сом айып салынды.

Мурдагы депутат «Кумтөр» боюнча күнөөлөнүүдө. Анын ишин сот Махабат Бекишева карап жатат.

Мурда маалымдалгандай, мурдагы биринчи вице-премьер-министр, мурунку депутат Алмазбек Баатырбеков 2021-жылдын 9-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылган. Аны камакка алуу чечими ошол эле күнү чыгарылып, А.Баатырбеков баш коргоо чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жеткирилген. Сот А.Баатырбековду 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо чечимин чыгарган. Кийинчерээк ал тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзүп, ага байланыштуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн болчу.

Источник: Баракелде