Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата айылында орнотулган Жаңы жылдык балаты талкуу жатаркан эле. Соцтармактын колдонуучулары аны «ракета балаты» деп да атап алышкан.
Тараган сүрөттөрдө балаты кадимки газондон жасалганы маалымдалган.
Ал эми дал ушул сыңыры балаты Баткен облусунун Сүлүктү шаарында орнотулган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлаган.
Белгилей кетсек, Жаңы жылга бир жумадан бир аз ашык убакыт калды. Салт боюнча майрамдын эң маанилүү символу болуп шарлар, оюнчуктар жана гирляндалар менен кооздолгон балаты эсептелет. Учурда Кыргызстандын аймактарында майрамга карата даярдыктар жүрүп, балатылар жанды.