ЖКнын жаңы чакырылышынын депутаттарынын сессиясын биринчи жолу аял депутат ачат

23 декабря 2021
Версия для печати

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарынын сессиясын биринчи жолу аял депутат — Шарапаткан Мажитова («Ынтымак») ачат. Анткени ал жетинчи чакырылыштагы парламенттеги жашы боюнча эң улуу депутат.

22-декабрда ЖКнын алтынчы чакырылышынын депутаты Жылдыз Мусабекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мажитова анын кабинетине (№512) жайгаша турганын билдирген.

Буга чейин парламенттин жаңы депутаттарына кабинеттер комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлө турганы айтылган.

Мажитова спикер шайланганга чейин парламенттин жыйындарына модераторлук кылат.

БШК жаңы депутаттарды каттоону убактылуу токтоткон.

Источник: Баракелде