Министрлер кабинети бардык мамлекеттик органдардан ата мекендик компанияны колдоо максатында «MegaCom'дун» кызмат көрсөтүүсүн пайдаланууну суранууда.
Ведомстволордун кызматкерлери мындай суранычты жазуу жана оозеки түрдө алып жатышат. Анда 1-январга чейин «Мегакомдун» SIM-картасын алышы керек экени айтылат.
Буга байланыштуу айрым мамлекеттик органдардан «Мегкомдун» номуру бар кызматкерлердин тизмесин берүүнү суранып жатышат.
«Tazabek» басылмасы бул окуя боюнча Министрлер кабинетине жана айрым ведомстволорго маалымат берүүнү суранып кайрылды.