Казакстан Бишкектен 342 км алыс жерде атомдук электр станция курууну көздөп жатат

23 декабря 2021
Версия для печати

Казакстан атомдук электр станциясын кайсы жерге кура турганы белгилүү болду. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жызды.

«Самрук-Казына» фондунун башчысы Алмасадам Саткалиев билдиргендей, АЭС Балхаш көлүнүн жээгинде жайгашкан Улкен айылында курулат.

«АЭСти Кытай, Россия жана Франциянын компаниялары курууга даяр. Тиешелүү сунуштар келип түшкөн. Азырынча Казакстан кайсы өлкөнүн технологиясын тандары белгисиз», - деди Саткалиев.

Буга чейин Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев АЭС куруу керек экенин айткан. Ага электр энергияга муктаждык көбөйгөндүгү себеп болууда.

Электр энергиянын тартыштыгы Казакстанда жана Кытайда байкалууда.

  • Улкен айылы Бишкек шаарынан болжол менен 342 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Источник: Баракелде