Чет өлкөгө кетейин деп жаткан Калмаматов түндө УКМКга жеткирилди

22 декабря 2021
Версия для печати

Бактыбек Калмаматов бүгүн, 22-декабрга караган түнү Кыргызстандан учуп кете алган жок. Бул тууралуу саясатчы өзү видео кайрылууда билдирди.

Анын айтымында, кичи ажылыкка бара жаткан, бирок чек арачылар ага өлкөдөн чыгып кете албай турганын айтышкан. Ошол учурда УКМКнын кызматкерлери келип, аны күбө катары суракка чакырышкан.

Калмаматов түндө УКМКга барган. Аны кайсы иш боюнча суракка чакырышканы азырынча белгисиз.

Источник: Баракелде