Кыргызстан Афганистанга күйүүчү май экспорттоп баштады, - афган маалымат агенттиги

16 декабря 2021
Версия для печати

Кыргызстан Афганистанга күйүүчү-майлоочу май экспорттоп баштады, деп билдирди Афганистандын «Pajhwok Afghan News» маалымат агенттиги.

Афган трейдерлеринин айтымында, 10 жылдан соң биринчи жолу Кыргызстандан Кундуз провинциясына күйүүчү-майлоочу май импорттолду. Ага байланыштуу май ташыган афгандык соодагерлер бийлик өкүлдөрүнөн имарат бөлүп берүүнү суранып жатышат.

Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Матин Юсафзай да көп жыл өткөндөн кийин Кыргызстандан күйүүчү-майлоочу май импорттолуп баштаганын тастыктады.

Источник: Баракелде