Бишкекте 10-11-декабрда «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы 13-декабрда билдирди.
Эки күн ичинде 1766 жол эрежесин бузуу фактысы аныктады. Алардын ичинен:
- Мас абалында авто унаа башкаруу — 54 айдоочу;
- Авто унааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, (күнүрттөп) айдоо — 8 айдоочу ;
- Жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номурлуу унаалар — 23 айдоочу;
- Керектүү документтери жок авто унаа башкаруу — 32;
- Башка жол эрежесин бузуулар — 1649.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 89 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Ошондой эле «102» кызматы аркылуу кайгуул кызматкерлери тарабынан 396 чакыруулар тейленип, 138 жаран жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди.