Эльвира Сурабалдиева бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого катышат

Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи Май районундагы бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазды.

"Бишкектин Биринчи Май районундагы бир мандаттуу шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышайын деп чечтим. 36 депутаттык орундардын арасында депутат айымдар дагы болушу керек деп эсептейм", - деп жазып калтырган ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда "баарына каршы" добушу эң көп топтолгон. Ошондуктан аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөрү кабарланган.

Источник: Super.kg