Орусиянын элчиси Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам боюнча пикирин билдирди

Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору боюнча комментарий берди. Ал өзүнүн пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорунун айланасында буга чейин коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп жатканына тыкыр көз салып турабыз.

Чынында эле мыйзам долбоорунун азыркы түрүндө кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин чөйрөсүн кыскартууга, орус тилдүү жарандардын укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар.

Орус тилинин Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөбүздө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн эстесек ашыкча болбос.

Жетишкендиктерден ушунчалык оңой эле баш тартуунун кереги барбы?", - деп жазган элчи.

Буга чейин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын сунуштаган.

Источник: Super.kg