Кыргызстандагы эң сулуу кыз бир айда өзүнө канча акча коротот?

Обратите внимание на дату публикации.

«Сулуулук курмандыкты талап кылат», деген сөз бар. Башкача айтканда, азыркы күндө сулуу болуш үчүн жок эле дегенде убакытты жана акчаны «курмандыкка» чалуу керек. Кыргызстанда кыздар косметикага орточо эсеп менен канча акча коротушат? Бул суроо менен биз «Мисс Кыргызстан — 2021» наамынын ээси Алтынай Ботояровага кайрылып көрдүк.

  • Алтынай Ботоярова Бишкекте 31 сулуунун катышуусунда өткөн «Мисс Кыргызстан — 2021» сынагын жеңип алган.

«Ар бир адам башкалардан өзгөчө, уникалдуу. А кыргыз кыздары негизи эле табияттан сулуу келишет деп эсептейм. Мен негизи косметикасы жок эле жүргөнү аракет кылам. Сүрөткө түшүү учурларында же видеого тартылууда, интервью, сахнага чыгарда гана боек колдонбосом, жөнөкөй турмушта көп боенбойм», - дейт ал.

Бир айда:

Кам көрүүчү каражаттар — 3000,

Тырмак (маникюр) — 1500 сом,

Педикюр — 1000 сом,

Косметика — 3000 сом,

Макияж — 4000-5000 сом,

Чач кыркуу —1000,

Чач үчүн каражаттар —1000,

Хамам — 4000,

Кийим-кечеге — белгисиз.

Орточо эсеп менен Кыргызстан сулуусу бир айда сулуук үчүн 20 000-30 000 сом короторун айтты.

Источник: Баракелде