Кыргызстандыктар бош убактысында эмне менен алектенет? Кызыктуу статистика

Обратите внимание на дату публикации.

Статистика көрсөткөндөй, өлкө жарандары бош кезинде көбүнчө көңүл ачып, телевизор көрүшөт. Спорт менен алектенгендери азыраак.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктар күнүнө 3 саат 48 мүнөт убактысын көңүл ачууга жумшайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети убакыттын бюджетин чыгарган изилдөөсүндө жазылган.

Сурамжылоого катышкандардын бош убактысын эмнеге коротору боюнча берген жообуна карап, бир суткага бөлгөндө төмөнкүдөй аныкталган:

  • Эс алуу жана көңүл ачуу — 3 саат 48 мүнөт;
  • Театр, музей, концерт, дискотека, спорттук жана башка бүйүр кызыткан иш-чараларга барууга — 1 мүнөт;
  • Телеберүүлөрдү көрүүгө — 1 саат 59 мүнөт;
  • Радиоберүүлөрдү угууга — 2 мүнөт;
  • Гезит, журнал, көркөм адабияттарды окууга — 6 мүнөт;
  • Хобби, оюндар, компьютерге — 10 мүнөт;
  • Спортко — 17 мүнөт;
  • Спорт жана көнүгүүлөргө — 2 мүнөт;
  • Сейилдөөгө — 15 мүнөт;
  • Сүйлөшүүгө (пикир алышууга) — 47 мүнөт;
  • Эс алуунун башка түрүнө — 26 мүнөт;
  • Диний, саясий жыйындарга жана башкаларга — 8 мүнөт.

Белгилей кетсек, жогоруда 12 жаштан жогорку жарандардын убактысы көрсөтүлгөн.

Источник: Sputnik.kg