"Кечээ күбөлүк алышып, бүгүн эл ташып башташат". Депутаттар таксисттердин кызматына нааразы

13 октября 2021
Версия для печати

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү таксисттердин кызматына нааразы болушту.

Депутат Шералы Абдылдаев"Бизге айдоочунун күбөлүгү берилгенден кийин аны көзөлдөгөн мамлекеттик орган барбы?", - деди.

Бейшенаалы Нурдинов коллегасын колдоп: "Кытайда таксист кызматы, кесиби абдан престиждүү, анда адегенде унааны текшерүүдөн өткөрүп, андан соң лицензия алышат. Балким, бизди таксисттер жаман көрөттүр, бирок аларга лицензия бериш керек. Чынында, азыр такси кызматына көзөмөл жок, алардын тажрыйбасы болуш керек, эмгек китепчеси ачылыш керек. Мисалы "Яндекске" дароо эле ишке кирип кетишет экен, лицензия жок, тажрыйба жок, салык төкпөйт. Жол кырсыгы ошол тажрыйбасыз айдоочулардын эл ташыганынан болуп жатпайбы? Жаңы эле айдоочулук күбөлүк алып "Яндексте" иштеп жатам дешет, бул туура эмес да", - деди Нурдинов.

Жогорудагы суроолорго экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев жооп берди.

"Сиз айтып жаткан такси кызматын көрсөткөн ишканаларды мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып сунуштаганда Жогорку Кеңештен өтпөй калды. Бул жылы дагы такси кызматын лицензиялаштырууну алып келебиз", - деди Алиев.

Нурдинов мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшканын эстей албай турганын билдирип, долбоорду кайра алып келүү керектигин айтты.

Источник: Super.kg