Чоң-Алайда Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат

27 сентября 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип, жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

Муну менен Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жеке турак жайларды жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган. Бул аймакта турак жайларды, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектепт, саламаттыкты сактоо объектилерин жана башка социалдык объектилерди куруу пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, афгандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниети бар экенин белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

Анын айтымында, бул жерде келечекте памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай 300-400 үй курулат.

Чогулгандар алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.

Баарлашуунун аягында курула турган билим берүү жана социалдык мекемелер жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров мектеп куруунун маанисине токтолду.

«Бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз Мекенинин гүлдөп-өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп ишенебиз. Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун», - деди Садыр Жапаров.

 

Источник: Баракелде