Өлкөдө энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли төмөндөөдө

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
3 сентября 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли дагы төмөндөөдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинети өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата маалыматтык материалдардын циклин жарыялоону улантат. Аталган макала саламаттыкты сактоо тутумуна арналган.

"Энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн деңгээли дагы төмөндөөдө, бирок жайыраак темпте жүрүүдө. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2015-жылы Кыргыз мамлекети 1990-жылга салыштырмалуу балдардын өлүмүн 2/3 кыскартуу боюнча миң жылдыктын өнүгүү максатына жетишкен", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары анда акыркы 10 жылдын ичинде жашоо узактыгы орточо 2,4 жылга өскөнү айтылат.
 

Источник: Super.kg