Быйыл 8 айда 500гө жакын адам жол кырсыгынан каза болду

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
2 сентября 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда быйыл сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Бул жол кырсыктарында 497 адам көз жумду, 6900ү жаракат алды.

2020-жылдын сегиз айына салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны өстү.

Быйыл мас абалында унаа башкарган 8 миңден ашык айдоочу кармалган, бул былтыркыга салыштырмалуу 57 пайызга жогору.

Источник: maralfm.kg