Шайлообек Атазов парламенттик шайлоого партиялык тизме менен катышат (видео)

Автор: Айпери Жумабай кызы
Марал радиосу Марал радиосу
1 сентября 2021
Версия для печати

Жогорку Кеңештин депутатты Шайлообек Атазов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого партиялык тизме менен катышат. Бул тууралуу ал «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«28-ноябрга парламенттик шайлоо белгиленди. Анда партиялык тизме жана бир мандаттуу округ аркылуу катышса болот. Учурда кайсы партия менен бара турганыбызды талкуулап жатабыз. Жакында чечим чыгарсак, кабар беребиз» , — деди Атазов.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституцияга ылайыкталып, кайра иштелип чыккан мыйзамдын негизинде өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 90 депутаттан куралып, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Бүгүн, 1-сентябрь саат 12:00гө карата 7 партия шайлоого катышарын билдирди.

Видео

Источник: maralfm.kg