Эсенбек Өмүракунов: "Качкындар Кыргызстандан башпаанек сураса, эшикти бекитип алуу туура эмес"

24 августа 2021
Версия для печати

Саясий эксперт Эсенбек Өмүракунов Ооганстандан качкан качкындар Кыргызстандан башпаанек сураса, эшикти бекитип алуу туура эмес болот деген пикирде.

--“Эл аралык келишимдерди эске алуу менен качкындарды кабыл алып туруу керек деп ойлойм. Карып болгон элди кабыл алып, жардам колун сунуу адамдыкка, кыргызчылыкка, мусулманчылыкка дагы туура келет. Албетте колубуздан келишинче жардам кылышыбыз керек. Эл аралык уюмдар каржы маселесин чечип берип жатпайбы.

Көбү батыш өлкөлөрүнө кетет, бирок кетпей калганы деле коркунучтуу эмес. Кан алмашып, интеграция болуу жакшы нерсе. Ал эми качкындарга кошулуп экстремисттердин өтүп келишине атайын органдар бөгөт коюш керек”, - дейт серепчи. 

Источник: NazarNews