Мурдагы чиновник Данияр Нарымбаевдин абалы оор болууда

Обратите внимание на дату публикации.

АКИpress -  Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев дин абалы оор болууда. Бул тууралуу АКИpress агенттигине булактары билдирди.

Нарымбаев 13-июлда "Бикард" клиникасына оор абалда жеткирилген. Ал кан басымы көтөрүлүп, төшү ооруп, кичине эле күч келсе демигип, жөтөлүп, кан аралаш какырык чыгып жатканына даттанган.

Ага жүрөк оорусу, II баскычтагы гипертония оорусу, эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлду. Пневмонияга байланыштуу учурда операция жасоого мүмкүн болбой жатканы да айтылган.

Данияр Нарымбаев УКМКнын абагында камакта болчу. Ал 9-июнда Кумтөрдөгү коррупцияга шектелип кармалган.

 

Источник: Баракелде