Алмазбек Акматалиев: "Акимдердин статусу жогорулады"

Акимдердин статусу жогорулады. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты. 

--"Ротация – бул адамдардын эле алмашуусу эмес да. Бул тажрыйбанын, билимдин, көз караштын алмашуусу. Эски стереотиптен, түптөлүп калган эски ыкмалардан арылат деген ой бар. Экинчиден, Кыргызстанда регионализм деген оору бар эмеспи.

Ар бир райондо уруулар бар, биздин уруудан болсун деп тиреш, соода боло берчү эмес беле. Ушундан арылдык. Үчүнчүдөн, акимдердин статусу жогорулады. Мурун өкмөттүн өкүлү болсо, азыр эл шайлаган президенттин өкүлү болуп калды. Бирок, жоопкерчилиги да ошончолук жогору болушу керек", - дейт Акматалиев. 

Источник: nazarnews.kg