Парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду коргой алабы же эрки жетпей калдыбы?

Обратите внимание на дату публикации.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына кол тийбестик берилип келген эле, бирок депутат болуп туруп тергөө абагына кирип кеткен депутаттардын тагдыры кандай боло турганын айтып, Башкы прокуратура парламентти кандай кабылбай турганын фейсбук тармагынын колдонучусу Тилек Нурбеков жазып чыкты.
 
“Эл өкүлдөрүнүн “эрки” эми байкалат.
______________________________________
Учурда Кумтөр ишине байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Жээнбеков менен Т. Зулпукаров убактылуу кармоочу жайда жатат. Учурда аларга шектенүү жөнүндө кабарлама берилгени менен соттун чечими чыга элек. Башкача айтканда, кылмыш жоопкерчилигине тартыла элек. Башкы прокуратуранын жообуна таянсак, Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, аталган депутаттарды жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизилет. Эгер парламент макулдук бербей койсо, КР Жазык-процессуалдык кодексинин 237-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык шектүү депутаттарга карата кылмыш иши кыскарат (өндүрүштөн алынат)
Эми суроо: парламент депутаттары Зулпукаров менен Жээнбековду коргой алабы же темир торду көздөй түртүп жибереби? Башкы прокурор жеңеби же парламентпи? Күтө туралы…”

Источник: argument.kg