АКИpress - «Республика-Ата Журт» фракциясы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлүгүнө эки талапкерди — Таабалды Тиллаев менен Кайрат Маматовду сунуштап жатканын АКИpress агенттигине өздүк булактар билдирди.
Биринчиси — Жогорку Кеңештин депутаты, экинчиси — Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы.
30-июнда фракция эки талапкерди көрсөтүү боюнча чечимин Жогорку Кеңештин комитетине жөнөттү. Фракция мүчөлөрүнүн добуштары бирдей бөлүнгөндүктөн, бирдиктүү талапкерди көрсөтүү мүмкүн болгон жок.