Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн Орхан Инандыны издөө иштеринин чоо-жайы айтылбайт, - ИИМ

Обратите внимание на дату публикации.

АКИpress -  Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын чоо-жайы ачыкталбайт, деп билдирди 16-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрлик Инандыны издөө иштери улантылып жатканын белгиледи. Ички иштер министрлиги издөө иштерине 1000ден ашуун милиция кызматкери тартылганын билдирди.

Ошондой эле бул факт ички иштер министри Улан Ниязбекоыдун көзөмөлүндө.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Ушул убакка чейин анын жүргөн жери белгисиз.

Анын жоголушу коомдук нааразычылыкты жаратты. Кыргыз-түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, окуучулар жана алардын ата-энелери Орхан Инандыны табуу талабы менен күн сайын митингге чыгып жатышат.

Источник: Баракелде