Эколог Динара Кутманова: Кумтөрдөн чыккан таштандылар мөңгүнүн үстүнө топтолуп, тоого айланып калган.ВИДЕО

Обратите внимание на дату публикации.

Азыркы учурда Кыргызстан элин кооптондуруп жаткан Кумтөрдөгү экологиялык абал тууралуу эколог Динара Кутманова маек берген.

“Анда 2012-жылы Кумтөргө барган  экологдор ал жердеги абалды көрүп кыжыры келгенин айтат. Ал жерде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн жанына карьер жарылган.   Улам жардыруудан чыккан калдыктарды таза мөңгүлөрдүн үстүнө жыя беришиптир.  Бул жерде суу жана айлана чөйрөнү, жаратылышты коргоо мыйзамы иштеп жаткан. Мыйзамда таза мөңгүлөрдүн үстүнө эч кандай таштандыларды калтырууга болбой турганы, тыюу салынганы ачык жазылган.  Эмне себептен мөңгүлөрдүн үстүнө топурак, таштандыларды ыргытканын сурадык. Кумтөр таштандыларды, топурактарды мөңгүлөрдүн үстүнө эмес, 10 километр бери жакка алып келип төксө болмок. Ошончо жылдан бери  төгүлүп, ташталып жаткан таштандылардан улам мөңгүнүн үстү өзүнчө эле тоого айланып калган.  Давыдов мөңгүсүнүн үстүнө топурактан бийик тоолор пайда болгон.  Бул жерде көзөмөл органдарынын  документтеринде баары жакшы,  баары жайында деп даярдап коюшкан экен. Көрсө, Кумтөргө көзөмөл органдары барганда каалаган жагын көрсөтүп, айрымдарын көрсөчү эмес тура”,- деди Динара Кутматова.

Кумтөрдөгү экологиялык абал тууралуу Динара Кутманованын маегин бул видеодон толук көрүңүздөр:

Видео СТВ каналына тиешелүү

Источник: abal.kg