УКМК: "Өмүрбек Бабанов кармалды"

Автор: Гульзина Каныбекова
Saat.kg Saat.kg

"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

"Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, бүгүн, 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси "коррупция" фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды. УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин айрым жергиликтүү басылмалар Бабановдун "Кумтөр" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырылганын жазып чыгышкан.
 

Источник: super.kg