Мурдагы депутат С.Ибрагимов мамлекетке 100 миллион сом берди

АКИpress -  УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компанияларына текшерүү жүргүзгөн. Комитеттин басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирген маалымат боюнча, текшерүү иштери каржылык мыйзам бузуулар, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн.

«Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.

Бирок С.Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Бул сумма мамлекеттин бюджетине толугу менен которулду.

Источник: Баракелде