«Биримдик» үчүн акча чогулткан дагы бир мурдагы жетекчиге соттун өкүмү чыкты

АКИpress -  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун аппаратынын мурдагы жетекчиси Акылбек Байдылдаевдин кылмыш ишин карап чыгып, өкүм чыгарды. Соттун токтомунда айтылгандай, Байдылдаев өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун алдында «Биримдик» партиясы үчүн акча чогулткан.

  • 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы шайлоочулардын 24,49 пайыз добушуна ээ болгон. Аталган партия бийликтин партиясы деп эсептелчү.

Байдылдаев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан өткөн жылы ноябрь айында кармалган.

Ал эмнеге айыпталууда?

2020-жылы сентябрда Байдылдаев Социалдык фонддун ошол кездеги төрагасы Медер Ирсалиевдин (ал дагы 2020-жылы ноябрда кармалган) тапшырмасы менен Социалдык фонддун Кыргызстандын аймактарындагы координаторлору топтолгон WhatsApp'тагы тайпага аудио билдирүү жөнөткөн.

Ал билдирүүдө Байдылдаев Соцфонддун аймактардагы ар бир башкармалыгынан 40 кг күрүч, картошка жана төө буурчак топтош керек деп талап кылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Байдылдаевдин мындай билдирүүсү ар бир башкармалыктан 40 миң сомдон жыйнаш керек деген маанини түшүндүргөн. Топтолгон акча «Биримдик» партиясынын үгүт иштерине жумшалган.

Соцфонддун координаторлору Байдылдаевдин талабын аткарууга мажбур болушкан. Алар Соцфонддун райондордогу башкармалыктарынын жетекчилерине акча чогултууну тапшырышкан.

Жыйынтыгында сентябрь айынын ортосунан октябрь айынын башына чейин Байдылдаев менен Ирсалиев Соцфонддун аймактардагы башкармалыктарынан мыйзамсыз 660 миң сом жыйнашкан. Анын ичинен 100 миң сомду «Биримдик» партиясына үгүт иштерине беришкен. Калган 560 миң сомду УКМКнын депозиттик эсебине которушкан.

Байдылдаев эмне дейт?

Байдылдаев тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн. Ошондой эле сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Байдылдаев кылмыш ишти соттук териштирүүсүз эле кароону суранып, соттон айып пул түрүндөгү жаза берүүнү өтүндү.

Жыйынтыгында Байдылдаев Жазык кодексинин 42-беренеси (Кылмышты аткаруучулук) жана 319-беренеси (Коррупция) менен күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 220 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Источник: Баракелде