Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков “кадыр-баркты коргоо” арызы менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов билдирди.
“Бул иш сотко кечээ, 25-майда келип түштү. Азыр каттоого алып, соттук отурумдун күнүн белгилөө процедурасы жүрүп жатат. Ушул жуманын аягында чейин сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет. Жээнбековдор Мелис Аспековдун билдирүулөрү кадыр-баркына доо кеткенин билдиришип, аларды коргоо арызы менен кайрылышкан”, – деп билдирди ал.
Жээнбековдор Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылышууда.
УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп бир нече факты келтирген.