Рахмондун баңгизат империясына каршы чыккан Ташиевдин өжөрлүгү кармады

Обратите внимание на дату публикации.

Баткендеги тажиктер менен болгон чек арадагы окуя, алардын карамүртөз баскынчылыгы тарыхта беттерине чийилген чиркөө бойдон калат. Бирок согуш аяктады деп ойлобошубуз керек, ал уланууда, тек гана башка форматта.
Бул согуштун бирден-бир себеби тажиктердин аталыгы Эммануил, ой, Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн ири баңги трафиги деген сөздөр айтылып, анын баңги империясын ашкерелеген тасмага чейин тараган.
Чын-чынына келгенде ошол империянын жолун бууп, ажыдаардын куйругун басам деп УКМК башчысы Камчыбек Ташиев наркобарондорго жек көрүндү болуп, өз элинин түшүнбөстүгүнө туш болуп отурат.
Ташиевдин жүгү оор, жоопкерчилиги чоң, бирок ошентсе да көкжалдыгын кайда катабыз? Өжөрлүгүн, тайманбастыгын кантип койдурабыз?
Эч качан анте албайбыз, анткени дал ушул мүнөзүнүн сапаттары менен бул ири мафияга туруштук берсе болот.
Өткөндө бир дүң дебедиби – 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалды деп УКМК тарабынан.
Бул героин Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө баңгизат ташып жүргөн эл аралык баңги каналына тиешелүү деп айтылган эле.
Көрсө, бул дал ошол Эмомалиге тиешелүү героин экен.
Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги заты колго түшүрүлгөн.
Албетте, УКМКнын катардагы кызматкерлеринин эмгеги чоң, ошол эле маалда жетекчиси Ташиевдин тайманбастыгы да мааниге ээ.
Суу жүрөк бирөө болсо дагы деле Рахмондон жана мафиянын анабашчыларынан коркуп отура бермек.
Бул эми башталышы гана деп туралы. Ташиевдин өжөрлүгү кармады…

Источник: Agym