Камуфляж кийип, пиар кылгандар көп. Ал эми маанилүү документтерди жардамчылар даярдайт, - депутат

АКИpress -  Камуфляж кийип, пиар менен алектенгендер көбөйдү. Ал эми иш жүзүндө жөнүндө, документтерди референттер (жардамчылар) даярдайт. Анда келгиле, жардамчылар менен эле иштешели, деди депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында.

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттарга биринчи окууда сунушталды.

Абдылдаев мыйзам долбоорун ким даярдап жаткандыгын сурады.

Бул өкмөттө даярдалып, сунуш кылынган мыйзам долбоору, деди айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Нурлан Шерипов.

«Мен түшүндүм. Бирок ал кайда даярдалды? Өкмөттүн аппаратындабы? Же Юстиция министрлиинде даярдалдыбы? Экономика жана каржы министрлигиндеби? Бир жерде даярдалышы керек да?» - деп сурады депутат.

Шериповдун айтымында, бул мыйзам долбоору өкмөттүн планына киргизилген. Негизги аткаруучу - Айыл чарба министрлиги, жаңы структура боюнча ага региондорду өнүктүрүү функциялары берилген. Министрликтер өз сунуштарын Айыл чарба министрлигине беришти.

«Бул мыйзам долбоорун даярдоо боюнча премьер-министрдин же министрлер кабинетинин башчысынын буйругу барбы? Министрликке берилген тапшырмалар? Же бул сөз жүзүндө эле берилгнеби? Аткаруу бийлигин жетектеген адамдын буйругу болуш керек да», - деди Абдылдаев.

Шерипов жөнүндө айтып жатып, депутат трибунада Конституциянын авторлорунун бири турганын да айтты.

«Конституциялык кеңешменин мүчөсү. Адам укуктары боюнча бөлүмдүн башчысы», - деди Шерипов.

(Нурлан Шерипов 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында Жаңы Конституция боюнча Конституциялык жыйынга катышкан)

«Бул жерде сөзсүз түрдө комиссия болушу керек. Андан кийин аны - өкмөттүн же министрлер кабинетинин деңгээлинде талкуулаш керек. Анан аны парламентке сунушташ керек. Эгерде Улукбек Марипов жөн гана кол коюп, кетире берсе, анда каалаган эле чиновникти отуругузуп койсо, ал алып келген документке кол коюп эле жибере берет да, почкасы менен. Улукбек Марипов мыйзамдын сапаты боюнча жооп берет, бул менин оюм», - деди Абдылдаев.

Ошондой эле, ал дүйнөлүк практиканы карап чыгуу зарыл болчу деп эсептейт. Мисалы, Кытайда же Россияда өзгөчө статуска ээ болгон мындай аймактар ​​кандайча өнүккөнүн карап чыгып, ошону колдонсок болмок.

Анын пикиринде, Баткен облусу өзгөчө аймак. «Бардык пункттарды — саясий, экономикалык жана башка маселелерди камтышы керек болчу. Мыйзам долбоорун окудум, анда ыйгарым укуктуу өкүлдүн күнүмдүк иштерин эле жазып коюптурсуңар. Ал эртең менен аппараттык жыйын өткөрөт деп жазылыптыр, ал азыр деле жыйын өткөрөт. Эгер стратегиялык мыйзам долбоору жазылып жатса, анда ал аткаруу бийлигин жетектеген адамдын акыркы визасы менен чыгышы керек. Анда баардыгы камтылышы керек: 2021, 2022, 2030-жылдары эмне болот. Кандай жолдор курулат, кандай өнүгүү болот», - деди депутат.

Абдылдаевдин айтымында ушулар аткарылгандан кийин гана, Баткен облусунун башчысына вице-премьер статусу берилиши керек. Мындай болобосо, күч органдары, укук коргоо органдары координациялык кеңешке баш ийбейт,- деди депутат.

Источник: Баракелде